Атамбаевдин жактоочусун Аскер прокуратурасына суракка чакырышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевди Аскер прокуратурасына чакырышты. Бул тууралуу ал соцтармактагы өз баракчасында билдирди.

-Мени бүгүн, 13-декабрга саат 17:00гө чакырышты, бирок, саат 16:00дө Равшан Жээнбековдун иши боюнча ИИМде тергөө аракеттерине катышышым керек. Чакыруу туура эмес толтурулган. Тергөөчүлөр кайсыл маселе боюнча, ким катары жана кайсыл тергөөчүгө баруумду баса көрсөтүшкөн эмес. Документке тергөө тобунун жетекчиси кол койгон. Мындан тышкары чакыруу кагазына байланыш телефонун жазышкан эмес, мен аларга бара албай турганымды айтышым керек эле. Жактоочу кандайдыр бир иштин күбөсү болуп калганда суракка алынат. Мен кызыкчылыктарын коргогон инсандардын маселелери боюнча суралбашым керек, - деди Замир Жоошев.

Белгилей кетсек, Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын айрым тарапташтарынын жактоочусу болуп саналат. Учурда Аскер прокуратурасы мурдагы президентке байланышкан иштерди иликтөөгө алууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД