Көзү ачык: Райымбек Матраимовдун элге жамандык кылайын деген ою жок

Ар кандай саясый окуялар менен коштолгон 2019-жыл аяктоо алдында турат. Кыргызстан үчүн келе жаткан жыл кандай болот?

Кыргызстандыктар жашоо-турмушунун оңолушун күтөбү же жаман жагына даярдануусу керекпи? Мындай суроону VB.KG редакциясы алдын-ала айткандарынын айрымдары туура чыккандыгы менен таң калтырган көзү ачык Света Тойгонбаевага берип көрдү.

Дагы бир жолу эске салсак, ал 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыккандардын саны көбөйөрүн, Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун камакка алынарын айтып, ал эми мурдагы биринчи вице-премьер-министр маркумТемир Жумакадыровго жолдо абайлап жүрүүсүн эскерткен.

Анын айтымында 2020-жыл өлкө үчүн ийгиликтүү болот, бирок, кыргызстандыктар ага жетүүгө аракет кылуулары керек.

-Бир жагынан алганда Кыргызстанда жагымсыз абал күч алууда. Буга биринчи кезекте иштебей эле, бири-бирин каралоо менен алектенген депутаттар жооптуу. Эң башкысы алар президентти жана премьер-министрди гана баарына күнөөлөй бергенди токтоткондору оң, анткени, мында кандайдыр-бир деңгээлде өздөрүнүн да жоопкерчилиги бар. Ошондуктан дагы бир жолу кайталап айтам, биринчи кезекте Ак үйдү тазалоо ырымын өткөрүү зарыл, эгер бул жасалбаса, кыйын болушу мүмкүн.

Мына азыр Кыргызстанда митингдер жана пикеттер өткөрүлүп, алардын айрымдары жаман максаттарды көздөөдө. Эл митингге катышуудан мурда ойлонушу керек, антпесе Кыргызстанда жакынкы убакта өнүгүү болбойт. Биринчи кезекте адамдар сабырдуулук кылуулары керек, бул үчүн убакыт талап кылынат. Эл биз кайда баратабыз деп ойлонбосо, эгер биз ушундай жашоону уланта берсек, анда мамлекетибизди четинен бөлүп жоготушат.

Бийлик ар кандай чагымчыл маалыматтарды тараткан соцтармактарга көзөмөл жүргүзүүсү керек, антпесе, жөнөкөй эл көпчүлүк учурда ишенип алууда. Эгер азыр муну колго албаса, январь айында дагы бир революция болуп кетиши мүмкүн. Азыр эки кара күч буга даярданып жатат. Ошондуктан биз, кыргызстандыктар, бекем биримдикте болушубуз керек.

Жалпысынан айтканда 2020-жыл кыргызстандыктар үчүн ийгиликтүү болот. Чычкан жылы жөнөкөй эл, бизнесмендер, жаңы үй бүлө күтүүнү каалап жана балалуу боло албай жүргөндөр үчүн ийгиликтин жылы болот, - деди Тойгонбаева.

Андан кийин көзү ачык адаттагыдай эле президент Сооронбай Жээнбековдон баштады.

-Азыр ага оор болууда, көп ойлонуп жана көп нерселерди башынан өткөрүп жатат. Ден соолугуна да кам көрүшү керек. Ага каршы болгондор тынч жатпайт, ошондуктан өзгөчө январь жана февраль айларында абайлашы керек. 2020-жылдан баштап иштери ийгиликтүү жүрөт. Көптөгөн инвесторлор келишет, курулуш жана айыл чарбасы тез өнүгүп, завод жана фабрикалар курула баштайт, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин да ден соолугу жакшы эмес.

-Анын кан басымы жогорулап кеткен. Азыр ал кантип эркиндикке чыгуу жөнүндө гана ойлоодо, бирок, мен көрүп турганым боюнча, ал жакынкы убакта камактан чыкпайт. Анда азыр мен билбеген 3 документ бар, ал ошолордун жардамы менен чыгууга үмүттөнүүдө. Анын да ар кандай пландары бар, бирок, аларды эмдиги жылдан баштап ишке ашыра баштаганы оң. Эл арасында ал жөнүндө ар кандай – жакшы да жаман да сөздөр жүрүүдө. Ушуну менен бирге жаман сөздөрдү өзүнүн эле айланасында жүргөндөр таркатууда. Ошондуктан ал өзүнө жакын жүргөндөргө жакшылап көңүл буруусу керек, - деп кошумчалады ал.

Биз азыр Кыргызстанда белгилүү темага айланган – Райымбек Матраимов жөнүндө да суроо бербей коё албадык.

-Матраимовдун кыргыз элине эч кандай жаман ою жок. Ал абдан көп ойлонуп жана элге чындыкты айтып жеткиргиси келип жүрөт. Тактап айтканда өзүнүн күнөөсү жок экендигин далилдеп берүүнү каалап турат. Акыркы окуяларды байкап көрүү менен, адамдар бирөөнүн үй бүлөсүнө кийлигишүү туура эмес экендигин түшүнүшү керек. Эгер анын күнөөсү болсо, мейли, анын өзүн талкуулашсын, - деп кыскача айтты ал.

Өмүрбек Бабанов: Ал абдан чарчап жүрөт жана азыр өзүнүн иштери менен гана алектенүүдө. Анын жолу ачык, ошондуктан, эгер ал депутат болууну кааласа, өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал Жогорку Кеңешке башка партия менен өтүшү да мүмкүн.

Өмүрбек Текебаев: Аны өлкөнүн калкынын 70 пайызы колдойт. Ал дагы ден соолугунун камын ойлошу керек, себеби энергиясы мурдагыдай эмес. Мен көрүп турганымдай, ал сөзсүз депутат болот, бирок, дагы бир жолу кайталап кетейин, ал ден соолугуна кам көрүүсү зарыл, анын да кан басым бар.

Ахматбек Келдибеков: Анын иши мурдагыдай ийгиликтүү эмес. Ал жолун ачтырып, аурасын тазалатуусу керек. Эмдиги жыл ал депутат болот. Анын өкмөттөгү кайсы-бир кызматка барсам деген ою бар, бирок, ага бул кызматты беришпейт. Ал эми депутат болууга толук мүмкүнчүлүгү бар деп айта алам.

Камчыбек Ташиев: Ак көңүл, дили таза адам. Азыр ал өз иштери, бизнес менен алектенип жүрөт. Ал дагы ден соолугуна кам көрүүс керек, колдору жана буттары ооруйт. Ал азыр депутаттыкка барсамбы же жокпу деген ойдо болууда. Бирок анын партиясы эгер аракет кылса, Жогорку Кеңешке өтөт. Анын партиясында бирөөлөр менен чыр чыгып, ага айланасындагы адамдар зыян тийгизиши мүмкүн.

Садыр Жапаров: Мен анын тарапташтарына митингге чыкканды токтоткула деген кеңешимди берет элем. Сабыр кылып турушса, аны сөзсүз бошотушат. Аны алдыда дагы жакшы иштер күтүп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД