Талант Мамытов кыргызстандыктарды "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди улуттук сыймыгыбыз болгон "Манас" эпосунун күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Уюткулуу улуу элдин мурасы "Манас" эпосу - улуттун өзөгүн түзгөн кыргыз рухунун туу чокусу.

Улутубуздун улуулугу тили менен маданиятында. Ал эми кыргыз улутунун тили менен маданияты кылым карыткан улуу "Манас" эпосунда.

Түпкүлүктүү кыргыз элинин басып өткөн жолун, карт тарыхын сактаган эпосубуз - улутубуздун нарк-насилин, салт санаасын, үрп-адатын, терең маданиятын жана жашоо образын бүтүндөй камтыган кайталангыс руханий кенчибиз.

Дүйнө элдери баасын берип, эпосубузду ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын шедеври катары тааныды.

Демек, мындай бүтүндөй бир улуттун ким экендигин аныктап, муундан муунга өтүп келген мурасыбызга өтө астейдил мамиле жасоо - ар бир кыргыз жаранынын милдети жана парзы.

Кыргыз элинин намысын ойготуп, биримдикке чакырган "Манас" эпосу тарыхта ар кандай сыноолордон өткөн улутубузга татаал күндөрү тирек болуп, элибиздин эбегейсиз зор энчисине айланды. "Манас" - кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу!

Мындан туура 25 жыл мурда, канчалаган улуу инсандарыбыз көксөп белгилей албай келген "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракеси да дүйнөнү дүңгүрөтүп белгиленди. Бул күн кыргыз тарыхында өзгөчө орунду ээледи. Ал эми 2013-жылы "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган дал ушул 4-декабрь күнү да өзгөчө тарыхый күн катары бааланып, "Манас" эпосунун күнү деп аталып, майрамга айланды.

Улуу өнөрдү туу туткан манасчылар, кадырлуу калк жакшылары - даанышман окумуштуулар калтырган таберик мурасты аздектеп, ага таазим кылабыз.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого, келечек муундарга жеткирүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз. "Манас" эпосуна аяр мамиле жасоо Кыргызстандын маданиятынын өнүгүшүнө чоң түр


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД