КЫЗЫКТУУ: Дүйнөнүн кооз акчалары

Доллар, рубль жана теңг эл көрүп, соода сатыкта колдонуп көнүп калган эле акча бирдиктери. Дүйнөдө канча эгемен өлкө бар болсо ошончо акча турү бар экени ар бирибизге маалым. Бүгүн сиз дүйнөнүн кооз деп табылган беш банкнота менен таанышасыз.

Бул акчанын аты French Polynesia (Француз Полинезиясы), тынч океянында жайгашкан франсуз аралдарында айланууда жүрөт. Эң бир чоң өзгөчүлүгү башка акчалардан атактуу адамдын сүрөтү эмес, аралда жашаган сулуу бийкечтин сүрөтү түшүрүлгөн. Арт жагында айыл жана тоолордун элеси берилген.

Мальдив республикасы эң бир жакыр өлкөлөрдүн бири болгону менен өзүнүн акчаларынын өзгөчө дизайны менен мактана алат. Идия океандын сүрөтү менен кемени сүрөтү түшүрүлүп био аймактын ар тараптуу кооз байлыгы чагылдырылган. Бул акчанын аталышы мальдив рупиясы.

Кука аралынын доллары абдан өзгөчө. Акуланын үстүндө отурган бийкеч, мухиддиндин так чордонунан сүзүп чыккан элес берилген. .

Гонконг доллары хай-тек стилинде жасалып, көз жоосун алган боектор менен боелгон. Гонконк шаарынын кыймылы, өнүгүүнүн туу чокусу жана келечектин келээри чагылдырылган.

Акчалар кооз жана өзгөчө болгондон тышкары сыйкырдуулары дагы кездешет Швед кронасы кудум жомоктогудай кооз. Мындан башкача болушу мүмкүн эмес себеби, айтылуу Сельм Лагерлёфтүн "Жапайы каздар менен сыйкырдуу саякат" атуу жомогунун негизинде тартылган.

Албетте бул дүйнөдөгү болгон акчалардын бир эле бөлүгү. Чындыгында алыскы келечекте кагаз акчалардын доору түгөнүп, электрондук акчаларга өтүүбүз турган эле иш. Азыр деле өнүккөн өлкөлөрдө карточка менен товарларды төлөө көндүм эле иш болуп калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД