Коомдук комиссия УКМКнын мурдагы жетекчилери менен жолугушту

Кече күнү, 3-октябрда Бишкекте Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын биринчи жыйыны болуп, ага жергиликтүү эксперттердин бир тобу чакырылды.

Бул иш-чарага УКМКнын мурдагы жетекчилери Феликс Кулов менен Кеңешбек Дүйшөбаев, ошондой эле коомдук ишмерлер Турат Акимов, Максат Мамытканов жана укук коргоочу Азиза Абдрасулова катышты.

Алар Кой-Таштагы окуяга баа беришип жана Коомдук комиссиянын ишинин жүрүшүн белгилешти. УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын иши Мамлекеттик комиссиянын расмий иликтөөсүнүн жүрүшүндө эстен чыгарылган маалыматтарды аныктоо үчүн абдан керек.

-Ошондуктан коомчулуктун, анын ичинде Курултайдын демилгеси менен колдоого алынып, комиссия өз ишин баштаган. Анын курамына эксперттер, саясат таауучулар жана журналисттер кирген, - деди ал.

Ал ошондой эле Ахматбек Келдибековдун 7-8августта Атамбаев тарабынан теракт жасалган деген сөзүнө түшүндүрмө берди.

-Аларга ар кандай баа берүүгө болот, бирок, мен бул окуялардын расмий органдар тарабынан кылдат иликтенип чыгышын жактайм. Бул иш сот тарабынан каралып жана баардык күнөөсү барлар жоопко тартылуусу керек. Иликтөөнүн жыйынтыктарын күтөлү, мына ошондон кийин бул теракт болгонбу же жок экендигин айталы, - деп кошумчалады ал.

"Чоң казат" саясий партиясынын лидери Максат Мамытканов өз кезегинде, Коомдук комиссиянын азыркы абалдагы иши Кыргызстандын жарандарында альтернативдик көз карашы болушу үчүн керек. Кийин бул иш сотто каралып жатканда, ал жерде бийликке ылайыктуу гана пикирлер эмес, альтернативдүү көз караштар да айтылышы зарыл, - деди ал.

Биринчи жыйынга Кой-Таш айылынын тургундарынын өкүлү, Коомдук комиссиянын мүчөсү болууга макулдугун берген жактоочу Жаманкул Жунусов да чакырылган.

Белгилей кетсек, Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамына Улукбек Маматаев, Рамазан Дырылдаев, Табылды Акеров, Сапар Аргымбаев, Чолпонбек Абыкеев, Мукаш Мамбетов, Кубан Дүйшеев, Улан Бабаназаров, Бакыт Стамов, Улан Мадмаров, Таалай Мадаминов жана Жаманкул Жунусов киришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД