Самат Кылжыев Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Кылжыев Самат Аскербекович Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси - министр болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Кечээ парламентте С.Кылжыевдин талапкерлиги жактырылып, Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынган болчу. Тиешелүү сунуштама премьер-министр Мухаммедкалый Абылгзиевден Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке түшкөн.

Кылжыев С. А. 1974-жылы 16-майда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Ак-Терек айылында төрөлгөн.

Билими жогору, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика жана менеджмент факультетин аяктаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД