Санжар Муканбетов экономика министри болуп дайындалды

Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды. Ал жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Кечээ парламентте С. Муканбетовдун талапкерлиги жактырылып, Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынган болчу. Тиешелүү сунуштама премьер-министр Мухаммедкалый Абылгзиевден Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке түшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД